Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева БУУ Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын Борбор Азия үчүн аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда менен жолугушту.
Вице-премьер-министр белгилегендей, бул жолугушуу БУУ Адам Укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгы менен адам эркиндигин жана укугун камсыздоо жаатындагы мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн негиз болуп саналат жана өз-ара аракеттешүүнү дагы жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
БУУ Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын Борбор Азия үчүн аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда өз кезегинде уюмдун өлкөнүн Өкмөтү менен адам укугу жаатында кызматташууга жана өз-ара аракеттешүүгө ачыктыгын жана даярдыгын билдирген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар республикадагы адам укугуна байланыштуу абалды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУУ Адам укуктары боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын Бишкек шаарындагы Аймактык бөлүмү менен кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулаган.
"Такткап айтканда, жаштар үчүн аймактык борборду түзүү концепциясынын үстүндө биргелешип иш алып баруу, Өкмөткө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин жана башка мамлекеттик органдардын адам укугун жана эркиндигин камсыздоо жаатындагы мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле адам укугу боюнча БУУ башка механизмдери менен өз-ара аракеттешүү боюнча макулдашууга жетишилди", - дешти мекемеден..