Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Улуу Британиянын элчиси менен жолукту

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Кыргыз Республикасындагы Улуу Британия Бириккен Королчулугунун жана Түндүк Ирландиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, коррупцияга каршы туруу, сөз эркиндиги, жашыл экономика жаатындагы маселелер, буга катар 2021-жылдын 1-12-ноябрында Глазго шаарында өтүүчү Бириккен улуттар уюмунун Рамкалык конвенция тараптарынын XXVI конференциясына катышуу маселеси талкууланды.

"Максат Мамытканов 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу жана башкаруу формасын аныктоо боюнча жалпы улуттук референдуму жогорку уюшкан деңгээлде өткөндүгүн белгиледи жана үстүбүздөгү жылы орун алуучу маанилүү саясий окуялар тууралуу маалымат берди", - деп жазылган маалыматта.

Тараптар бардык деңгээлдеги кыргыз-британ байланыштарын активдештирүүнүн жана эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан