Баткенде 2 ай изделип, жансыз денеси үйүнүн жанындагы тикенектин арасынан табылган Мактым Кожонованын сөөгү жерге берилди

Баткенде дээрлик 2 айдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү кечээ, 24-январда саат 15:00дө жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айылдаштары билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге укук коргоо органдары келип, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, андан кийин жаназасы окулуп жерге берилген.

Окуянын чоо-жайы:

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Мактым Кожонова 2020-жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болуп жаткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.

2020-жылдын 25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми өткөн жылдын 27-ноябрында Мактым Кожонова 11-класста окуган кызын эрте турмушка берип койгону боюнча тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кийин SUPER.KG порталына Мактым Кожонованын Перизат аттуу кызы апасынын сырдуу жоголушу боюнча айтып, ойлоно берип ою, ыйлай берип көз жашы калбай деле калганын, туугандары Бишкекте дагы издеп жатканын билдирген болчу.

Бүгүн, 25-январда Баткен ОИИБи жансыз денеге экпертиза дайындалганын маалымдашты.

Дайынсыз жоголгон Мактым Кожонованын сөөгү жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tansuluu09
2021-01-25 12:44:52
200 метр алыстыктагы тикенекте жаткан жансыз денени 200 адам и из кубар иттер да таба алышпаппы ? Кызык.....
+10
Tatu_8889
2021-01-25 12:48:55
Жакынла эле таштап кеткннби э соокту,а так аябай издешти го
+9
ainura220888
2021-01-25 12:51:18
Бироо скорее всего таштап кеткен менимче.
+9
gul3ina
2021-01-25 12:54:38
Таштап эле кетишти го
+8
Veneraakmatova
2021-01-25 16:12:12
Кудаа сактасын. Балдары үмүт менен күтүп жатышкан эле да туурабы. Эки жүз метр жерден кантип көрбөй калышат. Артурдуу ойлор келет экен.
+5
nazira...
2021-01-25 16:52:18
Экспертизада кантип, не деп чыкканын жазышпаптыр го. Мага ошонусу кызык болуп атат. Бирөө өлтүрдүбү, же өзүбү.
+5
Asyl.jazi
2021-01-25 19:08:03
nazira...,экспертиза жургузулуптур го, эми жыйынтыгы чыкса керек да. Туура эле чыгарсында, киши колдуу болгон болсо эксперттерди сатып албаса эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан