"Ойлоно берип оюм, ыйлай берип көз жашым калган жок". Баткенде бир айдан бери изделип жаткан аялдын кызы үн катты

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 45 жаштагы Мактым Кожонованы издөө иштери дагы деле улантылып жатат. Издөө иштери азырынча жыйынтык бере электигин Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Ал эми Мактым Кожонованын экинчи кызы Нуризат Төлөнова ойлой берип божомол,ыйлай берип көз жаш деле калбаганын айтат.

"Үмүтүбүз үзүлбөй туугандарыбыз болуп, өз алдынча издеп, сураштырып жатабыз. Такыр дайын жок болуп жатат, ойлой берип эч бир божомолубуз да калган жок. Ошол бойдон эч кандай байланышка чыкпады. Биз кыздары жакшы үмүт менен Бишкектен дагы сураштырып жатабыз. Ал жакта да туугандарыбыз караштырып жатышат. Мен дагы шаарда турчумун, 3 ай болуп калды айылга келгениме. Эң кичүү сиңдим Акмырза 3-класс анын окуусуна көз салып учурда үйдө болуп жатам. Табылып калса экен деп тилеп отурабыз", - деп билдирди кызы Нуризат.

Окуянын чоо-жайы:

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Мактым Кожонова ушул жылдын 23-ноябрынан бери дайынсыз болууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү, түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын маалымдаган.

25-ноябрь күнү издөө иштерин жүргүзүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери, туугандары жана жергиликтүү тургундардан 200дөй адам тартылган.

Ал эми 27-ноябрда Мактым Кожонова 20-ноябрда тергөөгө чакырылганын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Кочкордо иске ууланып 39 жаштагы аял 3 кызы менен кошо каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2020-12-21 13:36:19
Тоба, ошо даараткананы карашты бекен.
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан