ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 58 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 1963-жылдын 25-январында Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында туулган.

1985-жылы Фрунзедеги Советтик соода техникумун “Товар таануу жана өнөр жай товарларынын соодасын уюштуруу” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз улуттук университетин “финансы жана кредит” адистиги боюнча, 2013-жылы Кызыл-Кыядагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин алдындагы Жаратылышты пайдалануу жана геотехнология институтун “тоо-кендери жаткан жерлерди иштетүү” адистиги боюнча аяктаган.

1981-1983-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, Ооганстан Республикасында интернационалдык милдетин аткарган.

Эмгек жолун 1985-жылы Фрунзедеги “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүндө “Килем буюмдары” секциясынын контролёру катары баштаган. 1986-жылы №16 Биринчи май дүң-чекене жашылча-жемиш дүкөнүндө улук сатуучу болуп иштеген.

1986-1992-жылдары “Комфорт” дүкөнүндө улук сатуучу – “Курулуш материалдары” секциясынын башчысы болуп эмгектенген. 1992-жылы “Азат” чакан ишканасынын директорунун коммерция боюнча орун басары кызматын ээлеп турган.

1992-1996-жылдары – “Ооган” чакан ишканасынын директору.

1996-жылы Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы болду.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

25-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан