Курманбек Зулушев: "Мамлекеттик кызматкерлерге байланыштуу чектөөлөрдү Конституцияга киргизүүнүн кажети жок"

Бүгүн, 27-январда Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда "мамлекеттик кызматты ээлеген адамдар чет өлкөнүн банктарына эсеп ачууга, акча каражаттарын же баалуу буюмдарын сактоого тыюу салынат" деген 43-берененин 3 пункту боюнча талкуу жүрдү.

Конституциялык кеңешменин адам укуктары боюнча сексиянын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча аталган берененинин 3 пунктун "Мамлекет коррупцияга жол бербөө максатында мыйзамда көрсөтүлгөн учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кошумча чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн" деп өзгөртүүнү сунушташты.

Буга карата башкы прокурор Курманкул Зулушев Конституцияга бул пункту киргизүүнүн зарылчылыгы жок экенин, себеби мамлекеттик кызматкерлерге карата чектөөлөр мыйзамда каралганын айтты.

Мындай пикирге карата айрым юристтер каршы чыкты. Жыйынтыгында адам укуктары боюнча сексиянын мүчөлөрүнүн берген сунушу добушка коюлуп, ал көпчүлүктүн макулдугу менен кабыл алынды.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор - Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан