Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды. Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү менен вице-спикерди шайлашты.
Бул кызматка эки талапкер аттанышкан. "Ата Мекенден" Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш алса, "Өнүгүү-Прогресстен" Улан Исмаилов 38 добуш алды.
Буга чейин вице-спикер болуп келген Мирлан Бакиров кызматынан кеткен.