Депутат Бекешев: "Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылганына ким күнөлүү?"

"Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылганына ким күнөлүү?" - деп бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сурады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов: "БШКнын токтомунда күнөлүү дегендер жок. Кайрылуулар, көптөгөн мыйзам бузуулардын негизинде чечим кабыл алынды. Мамлекеттик органдарга биз тараптан суроо-талап жөнөтүлгөн. Бул партия күнөлүү деп чечим чыккан эмес", - деди.

Дастан Бекешев изилдөө иштери бүтө электигине байланыштуу бул мыйзам долбоорун кароону токтотуп турууну сунуштады.

6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан