Конституциялык кеңешмеде өлүм жазасын киргизүү сунушу колдоо тапкан жок

Бүгүн, 27-январда Конституциялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат. Анда адам укуктары боюнча секциясынын мүчөлөрүнүн бири "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев "өлүм жазасын убактылуу киргизүү" боюнча сунушту добушка коюуну төрага Бекбосун Бөрүбашевден талап кылды. Кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү бул сунушка каршы чыкты. Алар мындай норманы кабыл алуу адам укуктары боюнча өлкөнүн саясатына туура келбегендигин билдиришти.

Жыйынтыгында "өлүм жазасын убактылуу киргизүү" боюнча сунуш добушка коюлуп, аны эки гана адам колдоду. Калгандары "каршы" добуш беришти.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан