Конституциялык кеңешмеде Элдик курултайдын өкүлдөрүн БШКнын курамына киргизүү сунушталды

Конституциялык кеңешменин бүгүн, 27-январда өтүп жаткан жыйынында Элдик курултайдын өкүлдөрүн БШКнын курамына киргизүү сунушталды.

Сунуш Элдик курултайдын кызыкчылыгын көздөгөн Конституциялык кеңешменин мүчөсү Кадыр Кошалиев тарабынан айтылды.

Ага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиянын курамын 3кө бөлүп, үчтөн бир бөлүгүн президент, үчтөн бир бөлүгүн Жогорку Кеңеш жана үчтөн бир бөлүгү Элдик курултай тарабынан шайлансын, - деген сунуш айтылды.

Аталган сунуш добушка коюлуп, ага беш адам гана "макул" деген добушун берди. Калган 20дай адам "каршы" добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан