Садыр Жапаров: "Биз 30 жылдан бери кыялданып, курулай убадаларга ишенип келдик"

"Биз 30 жылдан бери кыялданып, курулай убадаларга ишенип келдик", - деп бүгүн, 28-январда ант берүү аземинде Садыр Жапаров билдирди.

"Калың эл көтөрүлүп парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга мурдагы президенттин, өкмөт башчысынын кетишине алып келди. Улуттук ынтымакты сактоо үчүн чоң жоопкерчиликти моюнубузга алып, абалды турукташтырдык. Анын ичинде мен дагы жан таттуу экен деп отуруп алган жокмун. Ооба, биз 30 жылдан бери кыялданып, курулай убадаларга ишенип келдик. Биз парламентаризмдин идеясын теңирден тескери түшүнүп, жалпы саясий маданиятты калыптандыруу мүдөөлөрүн кадыресе бизнес долбооруна айландырып алдык. Депутаттык орундардын акчага бааланышы жалпы саясий маданияттын деградацияланышына алып келди. Мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан