Садыр Жапаровдун ант берүү аземине мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышууда. Ал трибунага чыккан жок

Бүгүн, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи өтүп жатат. Ант берүү аземине мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков дагы катышууда.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Садыр Жапаровго өлкө башчынын күбөлүгүн жана мамлекеттик штандартты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды. Сооронбай Жээнбеков трибунага чыккан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан