Садыр Жапаров: "Оор учурда бир туугандык кылып колун сунган өлкөлөргө, Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз"

"Оор учурда бир туугандык кылып колун сунган өлкөлөргө, Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз", - деп бүгүн, 28-январда ант берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.

"Өлкөбүздүн экономикалык өсүшү, маданий кайра жаралуусу, стабилдүүлүк алыскы жана жакынкы коңшуларыбыз менен ынтымакта болгон жагдайда гана ишке аша алат. Кыргыз мамлекетиндеги саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку окуяларга чын дилден кабатырланганын билдирген, оор учурда бир туугандык кылып колун сунган өлкөлөргө, ириде Орусияга терең ыраазычылык билдиребиз. Пандемияда өздөрү жабыр тартып турса дагы Кыргыз өлкөсүнө ак дилден көмөк көрсөтүүгө ашыккан Өзбекстан менен Казакстандын аракетин айтпай коюуга болбойт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан