"Кыргыз мамлекети соңку он беш жылдын ичинде бийликтин мөөнөтүнөн мурда кетиши менен аяктаган элдик толкундоолордун өлкөсү катары таанылгандыгы жашыруун эмес", - деп бүгүн, 28-январда ант берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.
"Ар бир толкундоонун арты коомдогу ыркты кетирип, улуттук ынтымактын бузулушуна алып келет. Жарандык араздашуунун отун тутантып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен коштолуп, душмандарыбыз сүйүнүп, досторубуз күйүнүп турду. Бирок биздин акылман элибиз, даанышман журтубуз өзүн андай саясий сокурлуктан бийик турарын көрсөттү. Улуттук консолидацияга умтулуунун, регионализмдин жана ашынган улутчулдуктун чидеринен кутулуунун жолун тынбай көздөп, изденип жаткандыгын далилдеди. Кыргыздарга ириде түндүк-түштүк болуп бөлүнүү, жердешчилик, уруучулук мүнөздүү, прогрессивдүү саясий дөөлөттөрдү өздөштүрүү али эрте деген көз карашты ички жана сырткы душмандарыбыз канчалык таңууласа да, акылман элибиз андай терс жоромолдорду, тайыз божомолдорду кабыл албайт экен", - деди ал.