Бүгүн, 28-январда Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү. Салтанаттуу аземде жаңы мамлекет башчы сөзүнүн бир бөлүгүн орус тилинде окуду.
Анын расмий тилде сүйлөөсү ийгиликтүү болгон жок, тагыраагы, ал "соотечественники" деген сөзгө тили келбей, ыңгайсыз абалга кептелди. Балким буга чейин Сооронбай Жээнбековдун дагы бул сөздү айта албай калганы кызуу талкууда болбосо, Жапаровдун бул сөзүнө көп деле маани берилмек эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков үчүн да бул сөздү айтуу кыйын болгон.