Кечээ, 28-январда Кыргыз өлкөсүнүн жаңы президенти Садыр Жапаров инауграциясынан кийин эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жолугушууда өлкө башчы адамзат менен туруктуу өнүгүүгө байланышкан көптөгөн тармактар боюнча Кыргыз өлкөсү менен Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) ортосундагы тыгыз өнөктөштүктү канааттануу менен белгилеп, бардык иш-чараларды ишке ашыруу Глобалдык туруктуу өнүктүрүү максаттарына жана эл аралык ири программаларга ылайык улантыларын баса белгиледи.
"Биз Европалык өнөктөштөр менен кызматташуубузду кеңейтебиз жана бул үчүн керектүү чараларды көрөбүз. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, ТүркПА, ТҮРКСОЙ жана Эл аралык Түрк академиясы жөнүндө айта турган болсок, мындан аркы жемиштүү жана узак мөөнөттүү кызматташтыкка үмүттөнөбүз. Кыргыз өлкөсү бул уюмдарга мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу жана конструктивдүү кызматташтыктын чыңдалышына көмөктөшүү ниетинде. Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жана ишенимди чыңдоонун маанилүү механизми деп эсептейт. Бул платформа дүйнөдөгү азыркы оор кырдаалда актуалдуулугун жоготпошу керек деп эсептейм", - деп белгиледи мамлекет башчы.
Ал эми Эл аралык уюмдардын мүчөлөрү жана өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго алдыдагы милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүү үчүн мындан ары тыгыз кызматташууга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоого даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле мамлекет башчыга жооптуу ишине ийгиликтерди каалашты.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн ачык диалогго жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин ырастады.