Япония, Түштүк Корея, Франция, Германия... Садыр Жапаровду кайсы өлкөнүн башчылары куттукташты? (тизме)

10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, инаугурациясы өткөн Садыр Жапаровду өлкө президенттери куттукташууда. Өлкө лидерлеринин куттуктоосу Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайтына жарыяланып жатат.

Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктаган өлкө лидерлери: 1. Түркмөнстандын президенти Гурбангылу Бердымухамедов;

2. Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер;

3. Словакиянын президенти Зузана Чапутова;

4. Франциянын президенти Эмманюэль Макрон;

5. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин;

6. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш;

7. Германиянын канцлери Ангела Меркель;

8. Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга;

9. Татарстандын президенти Рустам Минниханов.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы кечээ, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан