Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жолугушуу алкагында тараптар саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин жыйындысын талкуулады.
Тактап айтканда, Эльвира Сурабалдиева жана Николай Удовиченко калкты COVID-19дан вакцинациялоо, кыргыз студенттеринин Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алуусу жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча пикир алмашты.
Вице-премьер-министр Орусия тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык көмөгү жана финансылык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирген.