Садыр Жапаров президенттик иш сапарын Аламүдүн районунан баштады

Бүгүн, 31-январда өлкө башчы Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылында «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү жана маданий ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Азыр биздин эс алууга укугубуз жок, анткени азыркы ар бир күн өлкө үчүн кылымга тете. Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөртүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз", - деди өз сөзүндө Жапаров.

Комплекске 500 орундуу мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит, футбол талаасы жана оюн аянтчалары кирет.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө президенттик шайлоодо анын талапкерлигин колдогондору үчүн ыраазычылыгын билдирди, эми бардык күч-аракетин алардын ишеничин актоого жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жумшай турганын белгиледи. Ошондой эле ал Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына Кыргыз өлкөсү үчүн оор кырдаалда социалдык объектилердин курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Коюлуп жаткан биринчи кыш өлкө боюнча курулуштардын башталышынын белгиси болсун. Инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, анда алар өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык реконструкциялоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги сырттан келген жардамдарды жана ички булактарды колдонуп, жакынкы эки жыл аралыгында бала бакчаларга, мектептерге жана ФАПтарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын баса белгиледи.

Садыр Жапаров "Ынтымак-билим" комплексиндеги мектептин курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. Мектептин курулушу жаңы окуу жылына - 2021-жылдын сентябрына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан