Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн курамын карашат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
Ал азырынча премьер-министрликке ким сунушталып жатканын айта албай турганын билдирди. Жыйын саат 11:00дө өтөт.
Көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактыргандан кийин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралат. Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.