"Өкмөттүн курамы кыскарат". "Билим берүү министри алмашпайт". Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.

Анда ага депутат Абдывахап Нурбаев өкмөттүн курамы кыскарабы деп сурады.

Улукбек Марипов: "Ооба, туура бир топ вице-премьер-министрлер бар, жалпысынан 22 өкмөт мүчөсү бар. Колдоп берсеңер 16 өкмөт мүчөсү кыскарат. Мекемелерде реформалар жүрөт", - деди ал.

Ошону менен катар эле Билим берүү жана илим министри ордунда кала турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан