Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Анда депутат Махабат Мавлянова азыркы учурда өкмөттүн курамын 10 пайыз гана аялдар түзө турганын айтты. "Өкмөттүн курамынын 30 пайызы аялдар болушу керек. Азыркы учурда 10 пайызды гана түзөт", - деди ал.
Улукбек Марипов бул боюнча эске алынганын белгиледи.