Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат.
Анда депутат Искендер Матраимов өкмөттүн курамы боюнча суроо берди.
"Өкмөттүн курамы кыскарат деп жатасыз. Аймактарды күчөтүп, министрликтердин, мекемелердин борбордук аппаратын кыскартса кандай болот?" - деп сурады депутат.
Улукбек Марипов: "Өкмөттүн курамы сиздер бекиткенден кийин кайрадан каралып чыгат", - деди.