Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып, жактырылды.
Депутат Зарылбек Рысалиев: "5 жылда чачым агарды деп айттыңыз. Эмне кылып чачыңыз агарды? Кыйын иш болдубу?" - деп сурады.
Марипов: "Эсептөө палатасында буга чейинки жетекчилер иштебептир. Менин ага чейин эле чачым агарган болчу. Өзгөчө Эсептөө палатасына туруштук берип иштөө кыйын. Бирок азырынча чачым сиздикиндей агара элек. Өкмөт башчы болуп келсем чачым сиздикиндей агарат го деп ойлойм", - деди.