УКМК тарабынан пара талап кылган деген шек менен кармалган Нургазы Анаркулов кызматынан бошотулду

Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич берген арызынын негизинде Кыргыз Респубикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан