Анда депутаттар тарабынан акчага болгон сүйүүсүнөн тарта ак чачына чейин суроолор берилди.
Жыйынтыгында көпчүлүк коалициянын депутаттары анын талапкерлигин жактырышты.
Марипов депутаттарга ыраазычылыгын билдирди. "Ишеним көрсөтүп жатасыздар. Ишенимди актаганга болгон аракетимди жумшайм", - деди ал.
Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна Нуркамал Асканова дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.
Нуркамал Асканова Нарын районундагы 8-март айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда билим алган.
КТРКдагы "Кайдасың?" программасын 10 жылдан ашуун убакыт бою алып барат.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги түзүлөт
Энергетика жана өнөр жай министрлиги түзүлөрү айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Ал энергетика жана өнөр жай министрлигин түзүү зарылдыгын белгиледи. "4 энергетикалык компания экономикалык иштерди өз-өзүнчө алып барууда. Алардын чыгашасы көп", - деди ал.
Учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети иш алып барууда.
"Тууган экенине карабай, жоопко тартылат!" дейт Садыр Жапаров
Бүгүн, 1-февралда президент Садыр Жапаров президенттин аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме өткөрүп, жакынкы келечектеги негизги артыкчылыктуу багыттарды атады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
Анда Садыр Жапаров мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу, бюрократиялык жана башка административдик процедураларды кыскартууга көңүл буруу зарыл экенин белгилеген.
"Президент аппараттын конкреттүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн алдына коюлган бардык милдеттери өз маалында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы алдыда мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу иши турганын, анын алкагында ашыкча жана бири-бирин кайталаган органдар оптимизацияланып, кадрларды тандоо алардын кесиптик чеберчилигинин негизинде гана жүргүзүлөрүн эске салды.
Президент Садыр Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу баса белгиледи. Буга байланыштуу мамлекет башчысы президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен өз багыттары боюнча ачык-айкын жана натыйжалуу иш алып барууну талап кылды", - деп айтылат маалыматта.
"Камчыбек Жолдошбаевдин “ме сага” жаңсоосу - Жогорку Кеңештин депутаттарынын көрсөткүчү" дейт экс-депутат
Экс-депутат Исхак Масалиев резонанс жараткан окуя жөнөкөй жарандар менен мамлекеттик чиновниктердин ортосунда пайда болуп жаткан ажырымды көрсөтөт деп эсептейт.
Ал социалдык тармактагы жеке баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин жол тандабастын терезесинен жаранга адепсиз ишаратын көрсөткөн аракетин сынга алган билдирүү жарыялады.
"Ме сага! Уялчаак депутат - Камчыбек Жолдошбаев эки күндөн бери интернет желесинде жүрөт. Үч бармактуу комбинацияны көрсөтүп, ме сага деп! Бир ой - ушул мамиле, жалпы Жогорку Кенештин депутаттарынын көрсөткүчү. Мыйзамсыз мөөнөтүңөрдү узарттыңар десе - ме сага, мыйзамдарды одоно түрдө буздуңар десек - ме сага, кеткиле десе - ме сага...
Жөнөкөй жарандар менен бийликте отурган адамдардын ортосундагы ажырым өсүп баратат.
Түшүнбөсөң - камап таштайбыз", - деген Масалиев.
Эске салсак, депутат Камчыбек Жолдошбаевдин катышуусундагы видео буга чейин социалдык тармакка тарап, кызуу талкууга алынган. Видеодо көрүнгөндөй Жолдошбаевден күбөлүгүн сурап, видеого тартып жаткан адамга депутат сөгүнүп, манжасын көрсөтүп, унаасы менен кетип калганын көрүүгө болот.
Кийинчерээк милициянын кайгуул кызматы эл өкүлү бара жаткан жолтандабас 2 унааны сүзүп кеткенин кабарлаган.