
Калың элге "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам", “Жарты кайык”, “Элегия”, “Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң” аттуу обондору менен таанылган, обончу, аткаруучу
Түмөнбай Колдошов деген ысымды ыр сүйүүчүлөрү абдан жакшы тааныйт. Учурда ал Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык окуу жайда директорлук кызматты аркалап жатат. Биз бүгүн Түмөнбай Колдошов менен жетектеп жаткан окуу жайындагы жаңылыктары, чыгармачылыгы жана келечектеги пландары тууралуу маектештик.
- Алгач сөздү директорлук кызматыңыздан баштасак. 6 айдын ичинде эмнелерди жасаганга жетиштиңиз?
⁃ Өткөн жылы июнь айында пандемия күчөп турган учурда Бишкек шаарындагы Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжине директор болуп келдим. Жамаат жакшы кабыл алды. Абдан ынтымактуу жамаатыбыз бар. Мен келгенде эле кабыл алуу менен алектендим. Белгилүү бир себептерден улам кабыл алуу солгундап кеткен экен. Жамааттын, демөөрчүлөрдүн жардамында концерттик залыбызды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Кассаны жоюп, онлайн төлөөгө өттүк. "Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей, алгач эле окуу жайдын алдын оңдодук.
- Ош шаарындагы Ниязалы атындагы окуу жайга Самара Каримованы жамаат кабыл албай коюп, ал кызматтан баш тартууга аргасыз болду. Жамаат анын тажрыйбасы, ошол багыттагы билими жок деген жүйөлөрдү келтиришти. Сиздин бул боюнча пикириңиз?
- Бул окуя коомчулукта бир топ кызуу талкууга алынды. Самара Каримованы таланттуу ырчы катары тааныйбыз, чыгармачылык жакшы байланышыбыз бар. Бирок жамаат менен бул жактагы жетекчиликтин кызыкчылыгы кагылышканда жакшы болбой калат да. Ошол жерде иштегенден кийин жамаатты уга билиш керек деп ойлойм. Эки тарапка тең түшүнүүчүлүктү каалайт элем.
- Сиз директор болгондон бери көптөгөн жардамдар келиптир, ага сиздин атактуулугуңуздун да жардамы болдубу?
- Өтө деле атактуу эмесмин го. Бирок кээ бир учурда атымды пайдаланган учурлар дагы болот. Бул жерде кыргыздын улан-кыздары окуйт. Сунган колду суутпай жардам бергендерге ыраазычылык айтам. Дагы жардам берет элем дегендер болсо каршы эмеспиз (күлүп).
- Залкар төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин айтканы бар экен, ар бир ырымда өзүм бармын деген. Сиз дагы обондоруңузда өзүңүз жашайсызбы? Мындайча айтканда, ошол сезимдерди жашап жаратасызбы?
- Жашап жараткан кандай жакшы. Биз жашап жарата албай жатпайбызбы, ошол себептүү поэзиянын куну учуп кетти. Элмирбек Иманалиев туура айткан. Сөзсүз өзүм дагы бармын. Акын ырды жазат, ошондой эле обончу дагы обонго өзүнүн ичиндеги ойлорун, сезимдерин камтып, анан жаратат. Баарыбыз эле айылдын абасын жутуп, топурагын кечип чоңойгонбуз да.
- Бала кезиңизде ким болсом деп кыялданчу элеңиз?
- Мен бала кезде өзүм менен өзүм сүйлөшчүмүн. Аккордеон үйрөнүшүм керек, Жолдошбек Мамажанов болом, Рыспай Абдыкадыров болом деп мал жайып жүргөндө кыялданчумун. Үйдө Эстебес Турсуналиевдин чоң портрети турчу. Турмуш башка, шарт башка экен. Мен аябай диктор болушту арзуу кылгам. Бирок эми кыргыз филологиясын бүтүрдүм, бирок журналист боло албадым.
- Чыгармачыл адамдар башкаларга салыштырмалуу башкача болушат. Сезимталсызбы?
- Ооба, мен бардык нерсеге реакция кылам. Кыйналам, сыртымдан оор, шашпаган киши көрүнгөнүм менен аябай шашма кишимин. Анан тез эле эмоцияга алдырып жиберем. Эми адам болгондон кийин кемчилик болот да, баарына жагыш кыйын го. Ал үчүн сен пластилинден жасалган адам болушуң керек го.
- Жыйырма жыл мурдагы өмүрүңүзгө кайтып барсаңыз эмнени өзгөртөт элеңиз?
- Бир адам өзүн өзгөртсө ал тагдырын өзгөртүшү мүмкүн. Эгер жыйырма жыл мурдагы өмүрүмдө кайтып барсам көп нерселерди жасамакмын. Чыгармачылыкка өтө катуу берилсем керек эле. Себеби чыгармачылыкка да тийип-качып, эртең жазам, окшошпой калды деген өзүмдү өзүм алдоолор менен көп убакытты өткөрүп жибердим.