Улукбек Марипов: "Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министрлигин тарыхта биринчи жолу айым жетектейт"

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы курамы сунушталып жатат.

Анда премьер-министрлик кызматына Улукбек Марипов өкмөттүн курамы менен тааныштырып жатат.

"Өкмөттүн курамына дагы аялдар киргизилди. Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева. Муну баса белгилегеним бул тармакты тарыхта биринчи жолу айым жетектейт. Ушул Абдралиева тармакты түпкүрүнөн билет", - деди ал.

Депутат Айсулуу Мамашова социалдык тармакка байланыштуу министрликтерди айымдар жетектеши керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан