Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү депутаттардын сынына жооп кайтарды
Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев камактагы мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов эч жакка качпай турганын айтып, аны үй камагына чыгаруу керектигин белгиледи.
Ал эми депутат Ирина Карамушкина азыркы бийликти мурунку бийликтин каталарын кайталабоого чакырды.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов депутаттардын бийликти сындаганы боюнча жооп кайтарды.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" партиясынын катарынан чыгып жатканын жарыялады.
"Ушул боюнча билдирүү жасап коёюн дедим эле. Ал эми депутаттык ишимди, фракциядагы иштерди жүргүзө берем", - деди ал.
Нышанов журналисттерге партиядан чыгышына саясий уюмдагы кээ бир адамдар менен келише албай калганы себеп болгонун айткан.
Сайдулла Нышанов 2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Жаңы премьер-министрдин иниси кызматынан бошотулду
Премьер-министр Улукбек Мариповдун бир тууган иниси Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Чечим Конституциянын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды. Себеби Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.
Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз премьер-министрге баш иет.