Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков Кыргыз өлкөсүндө өткөн жылдын жай айларында коронавирус күчөп турганда чет өлкөдөн алынган гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү тууралуу суроолорго жооп берди.
Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына маалымат жарыялады. Данияр Сыдыков жардамдар кийин өлкө ичинде кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча маалыматы жок экенин, ишти башка мамлекеттик органдар жасаганын жана өзү да коронавирус болуп ооруганда оорукана, дары таппай кыйналганын айткан.
"Менин дарегиме коронавирус пандемиясы учурунда биздин мекенге чет өлкөлүк мамлекеттерден келген жардамдар тууралуу соцтармактарда ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат.
Бүгүн мен интернеттен Владимир Горбенко бөлүшкөн макаланы окуп калдым. Баса, ал Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилигинде пандемия убагында иштегени маалым. Буга байланыштуу сиздерге кыскача түшүндүрмө берүүнү туура деп чечтим. Бул жаман илдет башталгандан бери президенттин, өкмөттүн аппараттары, Тышкы иштер министрлиги, өзгөчө анын жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков жана тиешелүү мамлекеттик органдар чет жактан жардам алып келүүнүн үстүнөн колубуздан келишинче аракет кылдык.
Биздин элчиликтер жана жооптуу органдар күндөп-түндөп эмгектенип жатышты. Жыйынтыгында аз эмес гуманитардык жардам, анын ичинде ПЦР-тесттер, коргонуучу каражаттар жана башка жардамдар тартылды. Бул эбегейсиз эмгек үчүн баарына ыраазычылык билдирем. Эми мен жетектеген багыттын иш-аракеттерине токтолсом. Биринчиден, апаат башталгандан тартып тышкы саясат каналдар аркылуу мамлекет башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, алардан гумжардам алуу сүйлөшүлгөн.
Белгилеп кетсем, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү, ТИМ жана элчилер тиешелүү жардамдарды тартуунун гана үстүнөн иштейт. Аны үчүн биз жана ТИМ тараптан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бардык деңгээлде тынымсыз сүйлөшүүлөр уюштурулуп, колдон келишинче илдет менен жетишээрлик деңгээлде көбүрөөк жардам тартуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Экинчиден, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында даяр болгон жардамдарды өз убагында Кыргыз өлкөсүнө жеткирүү үчүн да, биздин элчиликтердин жана ТИМдин деңгээлинде көп иштер аткарылды. Себеби пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп калган учур эле. Жардамды Кыргыз өлкөсүнө батыраак жеткирүүнү координациялоонун үстүнөн да иштедик.
Өзүңөр билгендей ошол күндөрдө мен өзүм дагы коронавирус жуктуруп, ушул илдеттин өтө оор формасы менен ооруп, анысы аз келгенсип жатаарга оорукана таппай, дары-дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын "г" сын да көргөн жокпуз", - деген Сыдыков.
Ошондой эле ал бардык гуманитардык жардам Кыргыз өлкөсүнүн аймагына келип түшкөн соң, тиешелүү мамлекеттик органдар аларды тосуп алышканын айткан.
"Себеби бардыгыбызга белгилүү болгондой, бул медициналык каражаттар атайын сактоочу жерлерди талап кылат. Жардамдар кийин Кыргыз өлкөсүнүн ичинде кандайча бөлүнүп, кандайча иштетилерине тышкы саясат менен алектенген органдар кийлигише албайт", - деп кошумчалаган ал.