Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Almaty digital Forum" 2021 санариптик форумуна катышуу алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Өкмөт башчылар Кыргыз-Армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Никол Пашинян өз кесиптешин премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.