Нарында октон каза болгон 30 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 6-февралда саат 20:40 чамасында белгисиз адамдан билдирүү түшкөн. Анда Нарын шаарынын Москва аймагында бир адамды атып кетишкени айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Маалымат катары, маркум С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.
Буга чейин ок тийип каза болгон жаран алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгону, окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы кабарланган.