Кечээ, 6-февралда Нарында бир адамды атып кетишкени
кабарланган. Маркум моюнуна тийген октон улам каза болгонун Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Москва чөлкөмүндөгү Сайкал дүкөнүнүн тушундагы жээкте Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1990-жылы туулган С.А. моюнунан жаракат алган абалда табылган. Ал "Тез жардам" кызматы аркылуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасына алынып бара жатканда каза болду.
Бул окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, тергөө аракеттери улантылууда", - дешти мекемеден.