Нарында атып өлтүрүлгөн жарандын өлүмүнө шектелгендердин бири 2 ай ИИМдин күзөт кызматында иштеп кеткен

Нарында октон каза болгон 30 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелгендердин бири, тактап айтканда, унаанын айдоочусу 2 ай ИИМдин адистештирилген күзөт кызматында иштеген. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"ИИМдин адистештирилген күзөт кызматынын окуусунда 3 ай окуп, андан соң 2 ай иштеген. Андан кийин өз каалоосу менен жумуштан кеткен. Ошол боюнча эч кандай укук коргоо органдарында иштеген эмес", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Буга чейин ок тийип каза болгон жаран алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгону, окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы кабарланган. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Нарын шаарынын 1996-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну кармалды. Ал күнөөсүн толугу менен моюнга алып, ИЖ-20 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды (документи жок) өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар Лексус-GS300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Нарын шаарынын 1997-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан