Садыр Жапаров Базар-Коргон шаарын түзүү сунушун жактырды

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун шаар кылуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда", - деп айтылат маалыматта.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан