Тажикстандын өкмөт башчысы Улукбек Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

"Биздин өлкөлөр ортосундагы достук, коңшулук жана өз ара сый мамилелерди жогору баалоо менен сиздин активдүү катышууңуз аркылуу Тажикстан жана Кыргыз Республикасы аралык өз ара мамилелер кеңейүүгө багыт алып, жаңы мазмунга ээ болоруна ишеним билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода өкмөт башчы Улукбек Мариповго ден соолук жана ишиндеги ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргыз элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан