Кадамжай районунда октябрь айынан бери акимдик кызмат бош турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди. Буга байланыштуу биз акимят менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Ооба, 5 айдан бери райондо аким жок. Негизи мыйзамда акимдик орун бош болсо, анын милдети 90 жумуш күн жетекчинин орун басарына жүктөлөт. Азыркы тапта бул кызматта мурунку акимдин орун басары отурат. Ал эми мурунку аким өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал кызматтан кетүүсүн депутаттыкка талапкерлигин коё турганы менен түшүндүргөн", - деди мекеме кызматкери.