Бүгүн, 10-февралда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
"Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, массалык маалымат каражаттары катышты. Коллегиялык жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын 2020-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештерүү жана балдарды коргоо жылы" жөнүндө Жарлыгынын аткарылышынын жыйынтыктары жана 2021-жылга карата милдеттер жөнүндө маселе каралып, талкууланды.
Ош шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдын жыйынтыгы жана 2021-жылга карата милдеттери жөнүндө биринчи вице-мэр Жылдызбек Турганбаев маалымат берип өттү.
“Ош шаарынын мэриясы отчеттук мезгил ичинде негизинен COVID-19 коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу, ооруган жарандардын дарылануусуна тиешелүү шарттарды түзүү жана 2019-2020-жылдарда Ош шаарын өнүктүрүү стратегиясында каралган иш-чараларды аткаруу боюнча максаттуу иштерди жүргүздү. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө жеткирилген план 2 миллард 770,0 миллион сомду түзүп, иш жүзүндө 2 миллард 683,6 миллион сом жыйналып, 3,1 пайызга же 86,4 миллион сомго аз аткарылган. 2020-жылдын январь-декабрында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 102,1 пайызга аткарылып, такталган пландагы 1 миллиард 35,3 миллион сомдун ордуна, 1 миллиард 56,6 миллион сом жыйналып, тапшырма 21,3 миллион сомго көп аткарылган. 2020-жылы 1209 жаңы чарба жүргүзүүчү субъект катталып, жаңы түзүлгөн жумуш орундардын жалпы саны 1608 түзгөн. Түзүлгөн кырдаалга карабай бардык тармактар өз милдеттерин аткарышты”,- деди Турганбаев.
Шаар башчысы жыйындын алкагында салык тармагына жашыруун саклыктар боюнча иш алып барууну, мындан тышкары дебитордук карыздар боюнча жылуулук камсыздоо жана жылуулук электр борборуна каттуу талаптарды койду. Ошондой эле, шаардагы мекеме-ишканаларга өз милтдеттерин так аткарып, пландалган иштерди ийгиликтүү бүтүрүү тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.