Индира Жолдубаева суракка чакырылды. Алмамбет Шыкмаматов кызматка дайындалды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 11-февраль, күнгө бейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева суракка чакырылды
Башкы прокуратура мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны суракка чакырды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев социалдык тармактагы баракчасына УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн беш кылмыш иши тергелип жатат, алтынчы да иш бар экенин жарыялады.

Анын маалыматына ылайык, бул иштердин баарына тергөө баа берет.

"Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. "Белизгейт" боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да.

Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат. Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы керек. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек", - деген Зулушев.

Алмамбет Шыкмаматов кызматка дайындалды

Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 11-февралда кол койду.

Буга чейин Шыкмаматов аталган кызматка барары жазылган.

Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп келип, 2019-жылдын соңунда мандатын тапшырган. Ал президенттик шайлоо өнөктүгүндө Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.

Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени аныкталганы айтылды

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандыктан бери дайынсыз болууда. Алар кайда экени аныкталганын айрым жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда маалыматты башкы прокурор Курманкул Зулушев билдиргени айтылган.

Бул боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат туура эмес экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө экс-министр Кашкар Жунушалиев менен экс-төрага Орозбек Опумбаевдин жүргөн жери аныкталууда. Бул биздин расмий билдирүүбүз", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан