Муфтияттагы чуу: Жаңы муфтий 5-апрелде шайланмай болду

Бүгүн, 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинде кезектеги протоколдук жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында мурунку муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча жазган арызы каралып, бир добуштан канааттандырылган.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайын өткөрүү чечими кабыл алынган.

Курултай ушул жылдын 5-апрелинде өткөрүлмөк болду.

Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, Азирети Муфтий, Аалымдар Кеңеши жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-февралда сот Максат ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап жатат.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле бүгүн экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан