Коомдук ишмер, "Мекенчил" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Жылдызкан Жолдошева социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда Жолдошева Жапаровго азыр да мүмкүнчүлүк бар экенин билдирип, айланасындагы адамдардан арылуу керектигин айтып кеңеш берген.
"Садыр иним, 2010-жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз. Ийгиликтерди, оор күндөрдү бирге өткөрдүк. Кандай кырдаал болбосун мен сени таштаган жокмун, сатпадым, колумдан келишинче колдоп келе жатам, абийиримдин алдында тазамын.
Бүгүн бир чындыкты коом аркылуу айтып коюуну чечтим. Биринчиден, айлана-чөйрөңдү тазалабасаң болбой калды, ачыгын айтайын коррупционерлер, олигархтар, ач көздөр сени ороп алышты. Алардын максаты - өз кызыкчылыктарын чечип алуу, эл үчүн күйгөн жок алар.
Экинчиден, кадр маселесинде чебер, өтө кылдат, аяр мамиле жасоо менен, ар бир кадр жөнүндө шашпай кызматка койсоңор туура болмок. Алдын ала айтканым, сенин тагдырыңа азырынча кайдыгер эмес экенимди далилдейт. Убакыт тар, бир күнүң текке кетпесе, элдин үмүтү, ишеничи сенде", - деп жазды Жолдошева.