Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралууда.
Анда депутат Улугбек Ормонов конституциялык кеңешменин иши жыйынтыкталганбы деп сурады.
Аталган кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев конституциялык кеңешменин иши жыйынтыкталганын айтып, сунуштарды Жогорку Кеңешке берүү керектигин белгиледи.
Депутат: "Конституциялык кеңешменин иши жыйынтыкталса, биз ошондо сунушту кимге беребиз?" - деп сурады.
Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилгенин айтты.
Үмбөталы Кыдыралиев бул долбоордун демилгечиси 80 депутат экенин белгиледи.