Жакынкы күндөрү Баткенде жана Жалал-Абадда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр-чатактар чыккан. 14-февралда Баткен облусунда үч райондун эли катышкан митинг өткөн. Анда топтолгондор президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошуп, Баткен эли өздөрүн дайыма "өгөй бала" сезип келише турганын билдиришкен. Айтымдарында, чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлгөн эмес. Андан кийин Бишкек шаарында, өкмөт үйүндө дагы жарандык активисттердин катышуусунда митинг өткөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядагы дарылануусунан кийин Бишкекке учуп келип, чек ара маселесин жеринен көрүү үчүн Баткенге барды.
SUPER.KG порталы "Жаңы бийлик чек ара сынагынан кандай өтөт?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков чек ара маселесин чечүү сүйлөшүү жолу менен чечсе боло турганын белгиледи.
"Чек ара маселеси өтө татаал. Президенттин уруксаты жок бир сантиметр жер эч жакка кетпейт. Атайын кызматтар, комиссиялар бул иштин алкагында иштеш керек. Бирок бул маселени эки өлкөнүн президенти гана чечет. Бул маселе аягына чыкпайт. Сүйлөшүү жолу менен чечүү шарт. Жаңы бийлик чек ара маседесин чече алабы же жокпу айта албайм. Мен көзү ачык эмесмин. Бул бир жактуу маселе эмес. Кошуналардан дагы көз каранды. Ошолор менен сүйлөшүп чечсе болот. Буга саясий эрк керек",- дейт ал.