Артём Новиков: "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн режимге өтөт"

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында күчөтүлгөн режимге өткөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ар кандай табигый кырсыктарды - сел, жер көчкү, суу ташкыны жана анын жогорулашына байланыштуу ӨКМнын кызматкерлерин күчөтүлгөн тартипке келтирүү керек", - деп билдирген ал онлайн жыйында.

ӨКМнын кызматкерлеринин айтымында, бүгүнкү күндө абал туруктуу. Дайыма үзгүлтүксүз негизде жер көчкү, сел, суу ташкыны болушу мүмкүн болгон кооптуу аймактарга мониторинг жана көзөмөл жүргүзүлүүдө.

“Жарандарыбыздын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык алдын алуу чараларын көрүү маанилүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн кеңселери убактылуу турак жайларды даярдоону жана калк үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын эске алып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга даяр болушу керек. Мындан тышкары калкка өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо системи тез арада иштеши керек", - деп баса белгилеген Новиков.

Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө жана ӨКМга жээктерди коргоо иштерин алдын-ала жүргүзүү, сел жүргөн каналдарды жана сугат арыктарын тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү тапшырылганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан