Премьер-министр Улукбек Марипов Финансы полициясынын кызматкеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
"Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча расмий органдын түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.
Ушул мезгил аралыгында Кыргыз мамлекетинин экономикасында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Кызматтын маңызы жана иштөө ыкмалары өзгөрдү, бирок анын негизги милдети – мамлекеттик бюджетти коргоо жана экономикалык кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү милдети өзгөрүүсүз калды.
Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана бизнести коргоо боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон бирден-бир укук коргоо органынын кызматкерлери катары биздин өлкөбүздүн бакубатчылыгы сиздердин иш-аракеттердин натыйжаларынан көз каранды.
Өкмөт аталган кызматка чоң үмүттөрдү артат. Финансы полициясынын кызматкерлери коюлган милдеттерди, талаптарды мындан ары да ийгиликтүү, ак ниеттүүлүк менен аткарып, жогорку натыйжаларга жетишип, калктын жана бизнес коомчулугунун бекем ишенимине ээ болосуздар деп ишенет. Ишиңиздерде жаңы ийгиликтер болсун", - деп жазылат куттуктоодо.