Райымбек Матраимовду колдоп митингге чыккандар жөө жүрүш менен сотту көздөй бет алышты

Бүгүн, 19-февралда УКМКнын алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги өтүүдө. Нааразычылык акциясына чыккандар Биринчи Май райондук сотун көздөй жөө жүрүш менен бет алышты.

Алар "Матраимовго боштондук", "Сот адилет чечим чыгарсын", "Коррупция Бажы кызматында эле эмес" деп кыйкырышууда.

Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Кечээ, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан