Бүгүн, 20-февралда Биринчи Май райондук сотунун алдында Райымбек Матраимовду колдоо митинги уланды.
Сот Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы карап, аны 2 айга камакта калтырды.
Митингге чыккандар колдоруна “Матраимов качкан жок”, “Матраимовду бошоткула!”, “Матраимовдой акчаны ким төлөдү?” “Американын агенттери кыргыз патриотун каматты”, "386 миллион долларды уурдаган Сапар Исаковду ким качырды?", "Кулматов эмнеге камалбайт?" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.
18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.