Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды.
Матраимов соттун чыгарган чечимине ылайык, УКМКнын абагында 2 ай кармалат.
Ал эми соттун жыйынтыгы айтылганда журналисттерге комментарий берген Райымбек Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова соттун чечимин саясий чечим катары эсептей турганын айтты.
"Соттун жыйынтыгына каршыбыз жана чечимде саясий боёк бар. Мындан улам биз чечимге каршы арызданабыз", - деди жактоочу.
Ага улай Матраимовдун тарапташы Шайлообек Атазов элди Матраимовду колдоого чакырды.
"Сот тарабынан мыйзам бузуулар болду. Алар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган билдирүүлөрүнө таянып, өлкөнүн патриотун эч кандай далилсиз түрмөгө отургузушту", - деди Атазов.
Эскерте кетсек, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.