Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргыз өлкөсү качкындарга байланышкан көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурарын айтты

19-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун Борбор Азиядагы качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар качкындардын, башпаанек издеген адамдардын укугун коргоо жана келечекте жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу маселелери боюнча өз ара кызматташтыкты арттыруу тууралуу баарлашты.

Кыргыз өлкөсү качкындарга байланышкан көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурарын айткан Талант Мамытов өлкө өзүнө алган эл аралык милдеттемелерди жигердүү аткарып келе жатканын белгиледи.

"Бул жаатта байкалаарлык өсүш бар. Анын ичинен мыйзамдык база калыптанып, качкындардын макамын аныктоо боюнча керектүү жараяндар жана механизмдер киргизилди, ошондой эле алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүүдө", - деди Талант Мамытов.

Өз кезегинде БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Ханс Фридрих Шоддер жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты жигердүү улантууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Муну менен катар тараптар качкындардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында башпаанек издеген адамдардын коопсуздугун камсыздоонун жана укугун коргоонун маанилүүлүгүнө токтолушту. Андан сырткары жолугушууда аталган категориядагы адамдардын Кыргыз мамлекетинин аймагындагы укуктарынын жана мыйзамдык кызыкчылыктарынын сакталышы үчүн биргелешкен иш-чараларды улантуу мерчемделди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан