Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Гүлнара-Клара Саматтын элчиликке сунушталып жатканы кабарланган.
Былтыр октябрь айында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыдан кетер алдында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы мурунку элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алган. Жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган.